Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы №22 мектептин аймагында майнинг-ферма жайгашкан деген маалыматты четке какты

Социалдык тармактарда Бишкектеги №22 атайын мектептин аймагында майнинг-ферма жайгашкан деген маалымат тарады. Мэрия бул маалымат чындыкка дал келбестигин кечээ, 28-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган объект "Акнет" провайдердик компаниясынын станциясы катары ижара келишиминин негизинде колдонулат. Бул келишимдин алкагында уюм мектепти акысыз интернет кызматы менен камсыз кылат. Объекттин электр энергиясы көз карандысыз булактан алынат, бул болсо мектептин ресурстарынын башка максаттарга колдонулушуна жол бербей тургандыгы кошумчаланды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан