Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде мэриянын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиянын мүчөлөрү шаардагы кафе-ресторандарга, сулуулук салондоруна, дүкөндөргө жана башка калкты тейлеген жайларга рейддик кыдыруу жүргүзүштү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Рейддин алкагында кечээ калаа башчысы белгилеген маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коммерциялык объекттердин аталыштарын кыргыз тилинде жазуу зарылдыгы белгиленди.
Мындай текшерүү жана түшүндүрүү иштери алдыда да улантылат.