Ош шаарындагы эски борбордук базардын ордуна парк курулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ак-Буура дарыясынын жээгин бойлой шаар тургундары үчүн заманбап парк куруу маселеси боюнча Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту.
"Гранттык негизде курулуучу жаңы парктын эскиздик долбоору даяр болду. Калаа башчы жакынкы күндөрү курулушун баштоо тапшырмасын берди", - деп билдирди мэрия.