Биз социалдык тармакта

Ак-Суу капчыгайында белгисиз адам мыйзамсыз аңчылык кылган. Шектүү изделүүдө

Бүгүн, 29-октябрда саат 10:00 чамасында Ак-Суу капчыгайынын кире беришиндеги Мин-Токум коктусунун жанында, токой тилкесинин боюнда күмүш түстөгү Toyota Avensis үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кыргоол атып, тоо тарапка кеткени аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, башкармалыктын кызматкерлери окуя болгон жерге чыгып, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган автоунаа ошол аймакта ГЭС куруу иштерин жүргүзүп жаткан бригадирге таандык экени аныкталды. Ал өз түшүндүрмөсүндө “мен бул жакка бирөөнү таштап кеткем” деп билдирген.
Жетекчилиги менен байланышкан учурда, алар өз жумушчуларында ок атуучу курал жок экенин жана окуяга тиешеси жоктугун маалымдашкан.
Бул факты боюнча Чүй регионалдык башкармалыгы Москва райондук ички иштер бөлүмүнө кат жөнөтүп, окуяга катышы бар жарандардын өздүгүн тактоо жана мыйзам чегинде чара көрүү боюнча жардам көрсөтүүнү суранууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан