Кечээ, 29-октябрда Балыкчы шаарында жаңы көчө чырактары жандырылды. Бул тууралуу Балыкчы мэриясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, этнопарктан башталып, айланма жолго чейинки аралыкта жалпы 60 даана заманбап көчө чырактары орнотулду. Бул долбоор шаар тургундарынын коопсуздугун жана түнкүсүн ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган. Мэрия шаардын бардык аймактарын толук жарыктандыруу иштерин уланта тургандыгын кошумчалады.
Иш-чарага шаар башчысы Баатырбек Жантаев катышты. Белгилей кетсек, мындай көчө чырактары Бишкектеги Айтматов көчөсүнө да орнотулууда.