Биз социалдык тармакта

БШК бүгүн бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өткөрөт 

Бүгүн, 30-октябрда БШК өлкөнүн бардык шайлоо тилкелеринде кезектеги аралыктан тесттик добуш берүүнү өткөрөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин тесттик добуш берүү 10-октябрда, 20-октябрда өлкө аймагында жана Орусиянын айрым шаарларында өткөрүлгөн.

"Аралыктан добуш берүүнүн колдонулушу келе жаткан парламенттик шайлоодогу негизги жаңылыктардын бири. Ал онлайн идентификацияга негизделет: шайлоочу туруктуу катталган жеринде добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, өз тилкесинен тышкары же чет өлкөдө добуш бере алат",- деп билдирди БШК.

Эске салсак, тесттик добуш берүү "Дордой Плаза" жана "Азия Молл" сыяктуу соода борборлорунда да уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан