Бүгүн, 30-октябрда Бишкекте кайгуул милиция кызматкерине баш ийбеген айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол милициясынан билдиришти.
Ага ылайык, окуя Сагымбай манасчы көчөсүндө болгон.
Анда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол эрежесин одоно бузуп, экинчи тилкеден кирген. Аны токтотууга аракет кылган учурда айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей койгон. Бирок камерага тартып жатканын байкагандан кийин гана токтоп, талапты аткарган.
Ага карата тиешелүү протокол түзүлдү.