УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте "Альфа" атайын кызматынын түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгын белгилөө иш-чарасына катышты.
Анда ал аскер адамдары жумушуна көп алаксыбастан, үй-бүлөсүн да унутпашы керектигин белгиледи.
"Балдардын мектебин, бала бакчасын жана башка үй турмушундагы ар түрдүү көйгөйлөрүн да караштырып койгула. Анан "кызмат кылып жатам, мен сени менен ишим жок" деп жүрө бербегиле. Балдарыңарды "өзүң бак, өзүң кара" деп келиндерге таштап койбогула. Үй-бүлөңөр менен болууга убакыт тапкыла!
Эгер кимдир бирөөңөрдүн үй-бүлөнү таштаганыңарды билсем, анда жаман болот! Мен ким үй-бүлөсүн сыйласа, ошону сыйлайм",- деди Ташиев.