
Интернет тармагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты
Шайлообек Атазовдун үйүндө өткөрүлгөн тинтүү тууралуу видео тарады. Ички иштер министрлиги бул эски видео экенин билдирди.
"Бул видео актуалдуу эмес жана тасмадагы көрүнүштөр 2025-жылдын июнь айында болгон тергөө иш-аракеттерине тиешелүү. Ал иш-чаралар Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.
Азыркы учурда Атазовго карата эч кандай процессуалдык аракеттер жүргүзүлгөн жок",- деп белгиленет маалыматта.
Мекеме эски материалдардын таралышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.