Орто-Токой ГЭСи келерки жылдын биринчи кварталында ишке кирип калат. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.
Учурда иштер жүрүп жатканын белгилеп, ГЭСтин кубаттуулугу 21 мегаватты түзөрүн айтты.
Эске салсак, аталган ГЭСтин курулушу былтыр июнь айында башталган.