Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чапаев айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин тендердик баасы 239 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча, аянты 2479,8 чарчы метр болгон мектеп беш блоктон турат. Курулуш иштери заманбап үлгүдө жүргүзүлүп эки кабаттуу окуу корпусу спорт залы менен курулат. Азыркы тапта имараттын пайдубалы куюлду.