Биз социалдык тармакта

Өрт кырсыгынын эрежесин сактабагандарга 12 миллион сом айып пул салынды 

Өлкө боюнча 9 айдын ичинде өрт кырсыгынын коопсуздугун сактабагандарга 12 миллион сомго жакын айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9 айдын ичинде мамлекеттик жана жеке ишкердик субъекттерде жалпы 6 миң 595 текшерүү жүргүзүлгөн. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча 4 миң 269 көрсөтмө берилип, 588 административдик протоколдун негизинде 11 миллион 790 миң 500 сом айып пул салынган.

Текшерүүдөн тышкары өрттүн алдын алуу максатында жалпысынан 7 миң 950 көрсөтмө жана 3 миң 898 эскертме баракчалары таратылып, бийлик органдарына маалымат берилген.

Имараттарда жана көчөлөрдө жайгашкан 4 миң 457 өрт гидранттары оңдоп-түзөө жана инвентаризациялоодон өтүп, бузук турган өрт гидранттары үчүн 1 миллион 508 миң сом айып салынган.

Ал эми өрт коопсуздугун сактабаган 163 мекеме текшерилип, соода түйүндөрүнө, кафе-ресторандарга, базарларга жана мекемелерге 1 миллион 160 миң сом айып пул салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан