Рамазан Тянгубер III Өспүрүмдөр Азия оюндарында алтын медаль утту (фото)

Бахрейн Падышалыгынын борбору Манама шаарында өтүп жаткан III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчу Рамазан Тянгубер джиу-джитсу боюнча биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кыргызстандык спортчу 69 килограмм салмак категориясында күч сынашып, мелдештин алтын байгесине ээ болду.

Джиу-джитсу боюнча мелдештер 29-октябрда башталып, 30-октябрда аяктады. Таймаштар Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain конгресс-көргөзмө борборунда өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан