Бүгүн, 30-октябрда саат 18:00до 30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көп мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалым болгондой, жалпысынан 589 талапкер көрсөтүлдү. Анын ичинен эркектер - 365, аялдар - 224.
Бүгүнкү күнгө карата 168 талапкер катталды. 19 талапкер өзү шайлоого катышуудан баш тартса, 7 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.
Шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.