Зубаир Акрамов III Өспүрүмдөр Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду (фото)

Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарында өтүп жаткан III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчу Зубаир Акрамов бокс боюнча экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кыргызстандык мушкер 60 килограмм салмак категориясында күч сынашып, мелдештин күмүш байгесинин ээси болду.

Бокс боюнча мелдештер бүгүн, 30-октябрда аяктады. Беттештер Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain конгресс-көргөзмө борборунда өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан