Биз социалдык тармакта

Өлкөдөгү экинчи чоң стадион кайсы шаарга курулары белгилүү болду (видео)

Манас шаарына сыйымдуулугу 30 миң адамга ылайыкташтырылган стадион курулат. Бул тууралуу кечээ, 30-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, аталган жай Бишкекте курулуп жаткан стадиондон кийинки эле спорттук аянт болот.

"Аэропорттун орду 80 гектар. Ал жерге жаңы типтеги чоң шаар курулат. Манас шаарына 30 миң орундуу республикадагы экинчи стадион курулат. Азыр Бишкекте курулуп жатпайбы 55 миң орундуу? Ошонун 30 миңдиги ушул Манас шаарына курулат. Кийинки жылы аэропорт чыгып кетсе, ошонун ордуна баштайбыз",- деди Ташиев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 51 миң орундуу стадиондун курулушу кызуу жүрүүдө. Ага "Азаттык Арена" деген ат берилди.

Өлкөдөгү экинчи чоң стадион Манас шаарына курулат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан