Ош шаарынын мэриясы башкы план боюнча калаанын борбордук көчөсү заманбап өңүттө жаңыланарын билдирип, сүрөттөрдү жарыялады.
Маалыматка ылайык, Абдыкадыров көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Закиров көчөсүнө чейинки аралыгы ачылып, аталган көчө Осмонов көчөсүнө чейин кеңейтилмекчи.
"Заманбап көчө чырактары орнотулуп, жолдогу эскилиги жеткен бетон тосмолор мрамор таштар менен жасалгаланып, көчөгө заманбап жана эстетикалык көрүнүш тартууланат. Аталган көчө Ош шаарын экиге бөлүп турган Ак-Буура дарыясынын үстүнөн өтүп, шаарды бириктирип турган өзгөчө мааниге ээ борбордук көчө болот",- деп айтымалт маалыматта.
Калаа бийлиги көрсөткөн сүрөттөгү жолго орнотулчу чырактар буга чейин Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөчү менен Балыкчы шаарынын көчөлөрүнө орнотулган.