Кечээ, 30-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддын Манас шаарында "Ариет" балдар чыгармачыл борборун ишке киргизип, окуучулар жараткан эмгектер менен таанышты.
Анда 4-класстын окуучусу Бексултан Чарли аттуу роботун атайын кызматтын башчысынын алдында бийлетти. Бирок Бексултан роботунун үнү катуу чыкпасын айтты.
Ташиев анын себебин мындай чечмеледи: "Үнүнүн аз чыгып жатканы эмнеде билбедиңби? Себеби сенин телефонуң эски экен. Мен сага жаңы телефон алып берейин". Роботтун программасы телефонго киргизилген.