Биз социалдык тармакта

Бишкекте түнкү клубдун жанында мушташкан жарандар кармалышты (видео)

Бишкектеги "Булки" түнкү клубунун жанында мушташкан жарандар кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-октябрда саат 7:25те милицияга аталган факт боюнча маалымат түшүп, жерине патрулдук милиция кызматкерлери барышкан. Натыйжада факт тастыкталып, жаңжалдын 5 катышуучусу кармалып, суракка алуу үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бишкек милициясы учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканын, анын негизинде окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатканын, кийинчерээк кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Бишкекте түнкү клубдун жанында мушташкан эргулдар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан