Ысык-Көл форелинин уругун жасалма жол менен алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында жалпы 49 ургаачы жана 26 эркек Ысык-Көл форелинен 90 миң даана урук алынды. Алынган уруктар инкубациялык аппараттарга салынып, андан ары чабактарды алуу жана багып өстүрүү процесси башталды.
"Бул иштер Ысык-Көл форелинин популяциясын көбөйтүү, балык чарбасын өнүктүрүү жана биоресурстарды коргоо максатында жүргүзүлүүдө",- деп билдирет мекеме.