Бишкекте Subaru Forester үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол кырсыгына кабылып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 31-октябрда саат 06:00 чамасында катталды. Анда 19 жаштагы Subaru Forester’дин айдоочусу Токомбаев көчөсүндө бара жатканда рулду башкара албай, даракты сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен жаракат алган айдоочу ооруканага жеткирилди.
Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө. Унаа айып аянтчасына токтотулду.