Ош облусунда 2025-жылдын 9 айынын ичинде өнөр жай тармагында 94 жаңы ишкана ачылып, 1196 жумуш оруну түзүлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Бул ишканалардын ачылышы менен жалпы 5 миллиард 46 миллион сомдон ашуун инвестиция өздөштүрүлдү.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 3 миллиард 117 миллион сомго көп инвестиция тартылып, 2 ишканага көп ачылды.