Чүйдүн Жайыл райондук сотунун мурдагы аппарат жетекчиси пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2023-жылдын ноябрь айында райондук соттун судьясы менен алдын ала сүйлөшүп алып, А.Д. аттуу соттолуучунун бир тууганынан жардам берүүнү убада кылып, 10 миң доллар талап кылган.
Соттолуучунун бир тууганы ага макулдашылган сумманын бир бөлүгү катары 480 миң сом берген. Бирок убада аткарылган эмес жана айыпталуучу соттолгон.
Кармалган жаран №21 тергөө абагына киргизилген.