Бишкекте "Тез жардам" унаасы 68 жаштагы кишини сүзүп алды. Маалыматты Бишкектин Кайгуул кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 30-октябрда болжол менен саат 19:00 чамасында 7-Апрель көчөсүндө болгон. Анда 36 жаштагы айдоочу "Тез жардамдын" Daimler-Benz 313 үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
68 жаштагы киши ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер баш мээнин оор жаракатын жана мээнин чайкалышын аныкташкан. Бирок ал алган жаракаттарынан улам эсине келбей каза болгон.
Бул факт Бишкек шаардык милициясынын каттоосуна алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.