Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов жаңы түзүлгөн “Берекет банктын” негиздөөчүлөрү болушканын "Азаттык" жазып чыкты.
Басылма Улуттук банк 10-октябрда “Берекет банк” жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алганын белгилейт. Банк 20-октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Негиздөөчүлөрүнөн тышкары, жетекчиси катары Жаркынбек Сагындыков көрсөтүлгөн.