Бүгүн, 31-октябрда Манас шаарынын "Азаттык" аянтында Кыргыз милициясынын 101 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага облус башчысы Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Марлис Асанов жана милиция кызматкерлери катышты.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков кылмыштуулуктун алдын алууда жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо милиция кызматкерлеринин орду чоң экендигин белгилеп, милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Иш-чара кызматкерлердин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.