Сокулук районундагы жол кырсыгынан 4 адам жаракат алып, 2 адам каза тапты

Сокулук районундагы жол-транспорт кырсыгынан 4 адам жаракат алып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, 17-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 22-чакырымында Мерседес-Бенц кичи автобусунун 25 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, каршылаш жолго чыгып кеткен. Жыйынтыгында  DAF жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. 
Кырсыктын кесепетинен кичи автобустун чиндеги 2 жүргүнчү алган жаракатынан окуя болгон жерде каза табышкан. Айдоочу жана 3 адам аймактык ооруканага жеткирилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lumia-800
2014-01-18 12:40:08
Кырсык айтпай келет. Абайлагыла айрыкча кышында.
Жайлары жаннаттан болсун!
0
zamira8576
2014-01-18 14:56:55
Ушундай окуяларды укканда эле машина айдагында келбейт.Кырсык каш кабактын ортосунда дейт эмеспи.Этият болуп айдагыла.Жайлары жаннаттан болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан