
Эртең менен жана кечинде электр энергиясын керектөө күчөгөн убакта эсептегичтердин кубаттуулугуна чектөө киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалым болгондой, саат 07:00дөн 09:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин айрым подстанциялар ашыкча жүктөм менен иштеп жатышат.
"Эгер подстанцияда жүктөм ашыкча катталса, анын ишинин туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн эсептегичтеги кубаттуулук автоматтык түрдө 5 киловатттан 3 киловаттка чейин азаят. Ошондуктан көрсөтүлгөн убактарда кубаттуу электр шаймандарын (жылыткыч, үтүк, кир жуугуч машина жана башка) колдонбоо сунушталат", - деп айтылат маалыматта.
Мекемеден кошумчалашкандай, бул чектөө убактылуу мүнөздө болуп, ал "Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин" 79-пунктуна, ошондой эле ишкана менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык каралган.