Президент Садыр Жапаров кечээ, 1-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы №11 балдар бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалым болгондой, имарат 1972-жылы муниципиалдык балдар бакчасы катары курулуп, 1991-жылы банк болуп кайра түзүлгөн.
"2025-жылы президенттин Иш башкармасы тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, мекеме заманбап шарттарга ылайык толук жаңыланды", - деп айтылат маалыматта.