Буга чейин 700 делегатка квоталардын тиркемеге ылайык бөлүштүрүлүшү, курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо, уюштуруу комитетинин курамы бекитилгени кабарланган.
Эске салсак, биринчи курултай 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкекте өткөн. Экинчиси – 2023-жылдын 15-декабрында, үчүнчүсү – 2024-жылдын 20-декабрында болгон.