Биз социалдык тармакта

Бишкектеги мектепте шаурмага уулангандардын саны 63кө жетти

Бишкектеги мектепте шаурмага уулангандардын саны 63кө жетти. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалым болгондой, окуя Бишкек шаарынын аймагындагы "Сейтек Стем” жеке мектебинин ашканасында түшкү тамактануу учурунда шаурма жегенден кийин болгон.

Жабыркаган 63 окуучунун ичинен 61и Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган, алардын 10у ооруканага жаткырылган. Эки бала жеке клиникага кайрылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мектеп жетекчисине 36 миң сом айып салынган.

Санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык, мектепке тамактануу учурунда тез даярдалуучу азыктарды колдонууга тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан