Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү өкүлдөр аккредитацияланды:
- Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын
- Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин
- Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын
- Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын
- Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын
- Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясынын
- Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын
- Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын
- Астана шаарындагы Венесуэла Боливариананын элчилигинин
- Кыргызстандагы Франциянын элчилигинин
- Кыргызстандагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын
- Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун
- Парламенттик Ассамблеясынын,
- Орусиянын Коомдук палатасынын.
Акыркы маалыматтар боюнча шайлоого жалпы 127 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.
Белгилей кетсек, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына
белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.