УКМК тарабынан мурда оор кылмыштар боюнча кылмыш жообуна тартылган К.Н., С.Д. жана С.Б. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты.
Маалым болгондой, жогоруда аталган адамдар криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин жакындарынын колдоосуна ээ болушуп, Орусияда эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктарды коркутууга алышкан. Мындан тышкары, опузалап акча талап кылышкан.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.