Быйыл "Илбирс" кыздар командасы футбол боюнча өлкө чемпиондугун багындырды

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы футбол чемпиондугу жыйынтыкталып, Бишкектин "Илбирс" клубу 2025-жылдын чемпиону болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Акыркы оюнда алар "Азиягол-СИ" клубуна 1:2 эсебинде утулганы менен, жалпы упай боюнча биринчи орунду сактап калышты.

Мелдеш 14 турга созулду. Жыйынтык боюнча:

  • "Илбирс" - 39 упай;
  • "Азиягол-СИ" - 37 упай;
  • "Юность" (Майлуу-Суу) - 26 упай.

Сыйлык тапшыруу аземинде Кубок жана медалдарды командаларга Аялдар футбол ассоциациясынын президенти Салтанат Эгембердиева менен вице-президент Айдана Оторбаева тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан