
Ош облусунун Кара-Суу районунда ири суммада уурулук жасоого шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда облустук милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, 8-октябрда милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анда 5-6-октябрда белгисиз адам үйүнөн 195 миң сом накталай акчасын жана жалпы суммасы 1 миллион 211 миң сомду түзгөн зер буюмдарын уурдап кеткендигин билдирген. Натыйжада арыз ээсине болжолдуу суммасы 1 милион 406 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Натыйжада 1998-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран кармалып, райондук сот тарабынан камакка алынды.
Шектүү 27-октябрда да уурулукка барып, үйлөрдүн биринен 66 500 сом накталай акча жана 15 000 сомдук алтын буюм алып чыгып кеткен. Тергөө уланууда.