Талас шаарынын Манас көчөсү 187/41 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үй боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган үйдүн биринчи кабатында жайгашкан “Эрке кыз” сулуулук салону жана “Пятерочка” дүкөнү мыйзамсыз экендиги аныкталды. Маалым болгондой, жеке турак үй багытындагы жайга мыйзамсыз кошумча курулуштар салынып, алар коммерциялык багытта колдонулуп жаткан.
Мындан тышкары, объект боюнча шаар куруу корутундусу иштелип чыкпагандыгы, ошондой эле тиешелүү документтер Талас аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан макулдашылбагандыгы белгилүү болду.
Натыйжада, шаар куруу жана архитектура ченемдерин бузуу катары бааланып, объекттин ээлери “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылды.