Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы БЧК каналына секирген мас айдоочу кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 102 номуруна мас абалында унаа башкарган айдоочу тууралуу билдирүү түшкөн. Жол тескөөчүлөр ыкчам чара көрүп, аны кармоо аракетин көрүшкөн. Бирок айдоочу алардан качып, БЧК каналына жеткенде унаасын токтотуп, сууга секирип кеткен. Бирок кайгуул кызматкерлери артынан сууга кирип, аны кармашкан.