
Өлкө аймагында 3-ноябрда 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 2, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болду.
ӨКМ жарандарды өрт коопсуздугун камсыздоого чакырат.