Биз социалдык тармакта

Чүйдөгү мектепте акча талап кылууга шектүү кармалды

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы мектепте опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 24-октябрда инстаграмда белгисиз колдонуучулар тарабынан Кызыл-Туу айылынын бир мектебинде кооптуу кырдаал жаралгандыгы тууралуу билдирүү жарыяланганы аныкталды. Анда ал жерде окуучулар арасында акча талап кылуу жана коркутуу учурлары системдүү түрдө болуп келери айтылган.
Айрым улуураак класстын окуучулары кичүү класстардын окуучуларынан акча талап кылышып, баш тарткан учурда аларга физикалык жана психологиялык басым көрсөтүшкөн. Бул маалымат каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Текшерүү учурунда Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына Кызыл-Туу айылынын 3 тургуну тарабынан жазуу жүзүндө арыздар түшкөн. Аталган арыздар мыйзам талаптарына ылайык катталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда ушул мектепте окуган, учурда жогорку окуу жайдын студенти болгон 18 жаштагы Б.А., аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда бул окуяга тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан