Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы Ашимахунов көчөсүндө жайгашкан "Эмаком" компаниясы курган үйгө барып, жарандардын арыз-муңун укту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жашоочулар жылуулук системи жана газ тартылбаганын айтышып, күз-кыш мезгилинде кыйынчылыкка дуушар болуп жаткандарын айтышты.
Калаа башчысы жеринде тиешелүү кызмат адамдарына тапшырмаларды берип, бул маселе тез арада чечилбесе өрт кооптуулугу жогору экенин белгиледи.