Президент Садыр Жапаров "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын калкты электр энергиясына болгон "Чексиз тарифке" өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.