Биз социалдык тармакта

Парламенттик шайлоого катышуудан бир катар талапкерлер баш тартышты

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздары каралды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:
Тургунбаев Чыңгыз Шакирбекович - №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Бостонов Сейтек Бостонович - №23 шайлоо округу боюнча талапкер;
Рысбаев Талантбек Казыбаевич - №14 шайлоо округу боюнча талапкер;
Жумабай уулу Бекболсун - №10 шайлоо округу боюнча талапкер.
БШК жогоруда аталган жарандардын арызын эске алып, Тургунбаев менен Рысбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды.
Белгилей кетсек, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан