Биз социалдык тармакта

Ошто өрттөн жабыркаган көп кабаттуу үйдө оңдоо иштери башталды

Ош шаарындагы “Эмаком” курулуш компаниясы курган көп кабаттуу үйдүн өрт кырсыгы катталган бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Учурда күйгөн жерлер тазаланып, чатырды жабуу иштери аяктоо алдында турат.
Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев объектке барып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты. Ал кышкы суукка калбай, оңдоо иштерин ыкчам бүтүрүү тапшырмасын берди.
Эске салсак, өткөн айда аталган көп кабаттуу үйдө чыккан өрттөн 6 батир жабыркаган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, өрттүн кесепеттерин жоюу жана батирлерди калыбына келтирүү иштерин Ош шаарынын мэриясы жүргүзүүдө.
Ошто өрттөн жабыркаган көп кабаттуу үйдө оңдоо иштери башталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан