Борбордук шайлоо комиссиясы Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынан келген, Батырбек Жетимишовго карата шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы тууралуу материалдарды карады.
Мекемеден билдиргендей, бул ишти тиешелүү жумушчу топ кечээ, 4-ноябрда караган. Анда Жетимишовго Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 7500 сом өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
Жумушчу топ сунушту канааттандырган.