Биз социалдык тармакта

Дагы үч жаран парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган эки жарандын жана талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн бир жарандын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.

Шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:

  • №14 шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталган Мамасадыков Замирбек;
  • №30 шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталган Ашимбаев Сабыркул;
  • №8 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер кылып көрсөткөн Эрматов Арстанбек.

БШК Мамасадыковдун жана Ашимбаевдин каттоосун жокко чыгарды. Ал эми №8 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер кылып көрсөткөн Эрматовдун арызы эске алынды.

Белгилей кетсек, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан