Биз социалдык тармакта

Ак-Ордодо уурулук кылууга шектелген адам кармалды 

Бишкекте уурулук кылууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кылмыш 28-октябрда, күндүзгү саат 11 чамасында Бишкектеги Ак-Ордо конушунда болгон. Анда жергиликтүү тургундун үйүнөн 110 миң сом уурдалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери 1981-жылы туулган А.Т. аттуу шектүүнү кармашкан. Ленин райондук соту аны электрондук билерик тагуу шарты менен бошоткон.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан