Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка постунда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочулар менен алдын алуу түшүндүрүү иштер күчөтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, аталган постто оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Ушуга байланыштуу 4-5-ноябрь күндөрү Жайыл райондук милициясы жана облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы айдоочулар менен жеринде баарлашып, постто ысык суусундуктар жана тамак-аш уюштурулду.
Мындан тышкары, бардык айдоочулар менен жол кырсыктарынын алдын алуу жана жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык маектер өткөрүлүүдө.