Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаровдун Египетке болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду

Бүгүн, 5-ноябрда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Египетке болгон расмий сапарынын жыйынтыгында кыргыз-египет биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, төмөнкү документтерге кол коюлган:

  • Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтүнүн ортосундагы айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Египеттин Электр энергия жана энергиянын кайра жаралуучу булактары министрлигинин ортосундагы электр энергиясы жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Египеттин Инвестициялар жана эркин экономикалык зоналар боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен Егмпеттин Вакф (кайрымдуулук) министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Улуттук банкы менен Египеттин Борбордук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан