Бүгүн, 5-ноябрда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Бишкекте 10 гектар жерге автодром куруларын айтты.
“14-ноябрда капсула салабыз. 2 айдын ичинде эң биринчи автодромдорду бүтүрөбүз. Кийинки жылдын март айында бардык шарттары менен бүтүп калат. Бүгүнкү күнгө чейин "Унаа" мекемесинин өзүнүн имараты, автодромдору болбоптур. Азыркы учурда сынактарды "Аюунун" бир унаа токтотуучу жайында эле өткөрүп жүрүшүптүр.
Автомат унааларына да буйрутма берилип жатат. Жакында Европада кандай болгон болсо, биздин өлкөгө да ошондой шарттарды түзөбүз”, - деди ал маалымат жыйынында.