Денеси жиликтенип, таштандыга ыргытылган кыздын сөөгү апасына берилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маркумдун 1997-жылы туулган Карина Кыштобаева экендиги такталып, кыздын сөөгү энесине берилген.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу урнадан башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүкчөгө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.